Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

Атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков тирүү болсо быйыл токсон жашка чыкмак. Ал он жыл мурда дүйнө салган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Эскерүү иш-чарасы 27-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген.
Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы каармандар
Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы аяктаган. 1960-жылы "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болуп ишке кирет. Журналда иштеген 13 жыл ичинде башкы редакторлукка чейин жетет. Андан соң 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген.
Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири, "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.
Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчилигин аркалаган.
1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамын алган, 2006-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, ошол эле жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.
Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында инсульт алып көз жумган.