Узаган жумада Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясынын коргоо министрлеринин коллегиясы өтүп, 2022-жылга карата кызматташуунун – биргелешкен 139 иш-чаранын пландары бекитилди. Аларда Беларусь жана Россиянын аскердик багыттагы бириккен тутумдарын, эки өлкөнүн күчтөрүнүн чөлкөмдүк топторун өнүктүрүү, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо, радиоэлектрондук күрөш, топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо тармактарындагы кызматташуу камтылган. Эки союздаш мамлекеттин ортосундагы алакалар жана ушул багыттагы кызматташууларын аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.
Минск жана Москва 2023-жылы "Союз калканы" биргелешкен стратегиялык окууларды өткөрүүгө макулдашып, Беларусь Республикасынын аймагында РФтин аскердик объектилерин (Барановичи шаарында ракеталык кол салуунун алдын алуу тутумдар түйүнү жана Вилейка калаасындагы РФ Аба-деңиз флотунун радиостанциясы) жайгаштыруу жөнүндө келишимди узартышты.
Өлкөлөр союздаш мамлекеттердин коргоо тармагындагы аракеттердин биримдигин, милдеттерди аткарууга умтулууну тастыкташты. Батыш өлкөлөрү тарабынан коопсуздук коркунучу, саясий жана экономикалык кысымы аталган Россия менен Беларусту жакын арада союздаш мамлекеттин жаңы аскердик доктринасын кабыл алууга аргасыз кылууда. Беларусь жана Польша, Беларусь - Литва чек араларында кооптуу чыңалуу бар.
Мурда Варшава беларустук чек арачылар польшалык жоокерлерди аткылаганын кабарлаган. Эске салсак, анда жабыр тарткандар болгон эмес. Беларустун "баш ийбестигине" Минскинин Москва менен аскердик кызматташуусуна жамааттык Батыштын кыжыры кайнап келет. Лексингтон институтунун (АКШнын мамлекеттик саясат аналитикалык борбору) улук талдоочусу Сара Уайт: "Беларустун саясий тутуму, экономикасы жана Куралдуу күчтөрүнүн бардык деңгээлдериндеги Россиянын орду НАТОнун батыш фронтун кескин түрдө артка түртөт. Анан да эгер Россия жана Беларусь бир саясий түзүмгө бириксе, НАТОнун аталган фронттун чегиндеги мамлекеттерине тобокелдигин болжоо да мүмкүн эмес" - дегени бар. Кандай тобокелдик болушу мүмкүн экени түшүнүксүз, бирок НАТОго чыгыш европалык өлкөлөрдүн мүчөлүгү, аталган альянстын 1991-жылдан берки абалы сымал эле рационалдуу негизге ээ эмес.
Кимдин ким экени...
РФ коргоо министри Сергей Шойгу 20-октябрда россиялык-беларустук аскердик коллегияда кабыл алынган чечимдер союздаш мамлекеттин коопсуздугун 2024-жылга дейре бекемдөөнү өбөлгөлөй турганын билдирди.
Беларусь жана Россия эч кимге кооптуулук туудурбайт, жамааттык Батыштын саясий, экономикалык жана аскердик кысымына гана жооп кайтарат. РФтин Брюсселден Вашингтонго чейинки мейкиндиктеги агрессорлорго асимметриялык өч алууга кепилдигин туюндурган Аскердик доктринасын Пентагон жана НАТОдогулар көңүлгө түйүп алганы дурус. Кошмо Штаттардын аскердик-саясий эркинен көз каранды болгон европалык 28 өлкөнүн жетекчилери бул механизмдин бар-жогуна ишенип же ишенбей кое алышар, бирок аскер жетекчилери жооп иретиндеги өзөктүк соккунун натыйжалуулугу жана сапатын иш жүзүндө сынабай эле койгону оң.
Чыгыш Европада андай аскердик авантюраларды пландоонун өзү франциялык президент Эммануэль Макрон эки ирет диагноз койгондой НАТО "акылдан тайганы" болмок.
Негизги көйгөй миграция эмес
Балтика өлкөлөрү жана Польшанын аскердик бөлүктөрү НАТОнун контингентинин курамында Ирак жана Афганистандагы тынчтык жана калыптанып калган жашоо образын бузууга катышканы унутула элек. Бүгүн аталган ушул эки мамлекеттен агылган көч Прибалтикага жетип калды. Аларды азыр зым менен тосулган дубалдар да, куралчан чек арачылар да токтото албайт. Варшава менен Вильнюс азыркы окуялардын маңызын түшүнгүсү да жок. Жоопкерчиликти алар Минск менен Москванын "гибриддик агрессиясына" жүктөөгө тырышууда.
Польшанын бийликтеги "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын лидери Ярослав Качиньский 19-октябрда өлкөсүнө каршы "көп тепкичтүү гибриддик согуш" жүргүзүүдө деп Россияны айыптады. Айтымында, бул ири держава дароо эки фронтто, атап айтканда, Беларусь Республикасы менен чектешкен жерде жана Варшавада мигранттарды колдоп чыккан оппозицияны пайдалануу менен Польшага каршы иш жүргүзүп жаткан имиш.
Былтыркы жылдын аягында Польшада стратегиялык командалык-штабдык окуулар өткөн. НАТОнун стратегдеги америкалык Abrams танкалары, HIMARS залптык ок тутумдары, Patriot зениттик-ракеталык комплекстери жана ал тургай F-35 истребителдеринин коштоосундагы "чыгыштагы душман" менен согуштун сценарийин түзүп чыккан. Баса, аталган истребителдер Польшанын колуна 2026-жылдан эрте тийбей турганы анык.
Альянс аскердик инфраструктураны бекемдеп, ошол эле убакта батыш багытында аскердик-саясий кырдаалды курчутууда. НАТОнун коргоо министрлери 21-октябрда "эки деңиз ортосундагы согуш" (Балтика жана Кара деңиз) Россияга каршы стратегиясын макулдашууга чогулганы маалым.
Россия менен альянстын алакасы Брюсселдин демилгеси менен үзүлдү. Пентагондун башчысы жеке өзү Тбилиси, Киев, Бухарестте сателиттердин аскердик духун көтөрүүдө. Батыш аналитиктери бул окуялардын ырааттуулугунан "согушка даярдыкты" баамдап, "эки дөө урушса, ортосунда чымын өлөт" дегендей, АКШ менен РФтин тирешинде чыгыш европалык өлкөлөрдүн жабыр тартарын, кокус куралдуу чоң жаңжал тутанып кете турган болсо, эң оболу НАТОнун чечим кабыл алуучу борборлору жок кылынарын болжошот. Америкалык эксперттер жогорку технологиялык куралдануу жаатында Россия Кошмо Штаттарды караандатпай турганын, Үчүнчү дүйнөлүк согушта утуларын боолголошот.
Вашингтондогу Heritage Foundation аналитикалык борбору АКШнын Аба-аскердик жана Космостук күчтөрүнүн бардык багыттагы дарамети жана согуштук мүмкүнчүлүктөрүн "маргиналдуу" жана "чабал" деп белгилегенинен кабардарбыз. Москвада өткөн Беларусь жана Россиянын күч органдарынын биргелешкен коллегиясы союздаш мамлекеттин коргоо дараметин жогорулатуу, Пентагон менен НАТО аларга чектеш Балтика, Польша жана Украина аймагынан сокку ура турган болсо мизи катуу кайтарыларын дагы бир ирет эскерткендей болду.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.