Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер

Ноябрь айында "Кыргызфильм" 80 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик киночулар жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштоону улантат.
Sputnik
Жаш режиссер Аман Камчыбеков 1984-жылы дипломдук иши катары "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильмин тартууга киришет. Анын сценарийин Юсуф Разыков жазып, операторлук милдетти Бекжан Айткулуев аткарган. Комедия жанрындагы кинокартинада айылдан шаарга уулунун үйүнө келе жаткан эки кемпирдин кылык-жоругу баяндалат. Элеттик эки байбиче көп кабаттуу үйдөгү лифтке түшкөндөн коркуп, тогузунчу кабатка чейин жөө чыгып, ар бир тепкичти кыйынчылык менен басып өтөт. Шаардыктардын баскан-турганына, кылган мамилелерине таң калып өз ара кызуу баарлашат.
Фильмдин эпизодуна катышып калган КР эл артисти Чоро Думанаев ал кезеңди мындайча эскерет.
"Негизи дипломдук иштер чаң басып эле калат го, бирок бул тасманы телевидение сатып алып элге сунуштаган. Кыска метраждуу фильм көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Башкы ролду ойногон Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова биздин энелерибиздей эле болчу. Биз жашпыз да, тентек кылсак акыл-насаатын айтып, өз балдарындай көрчү. Ал эми режиссеру Аман аябай таланттуу инсан эле. Жол кырсыгына кабылып бул дүйнөдөн эрте кетти", — деди Думанаев.
Театр менен кинонун ханышасы. Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган ирмемдери
Тасмада башкы ролду Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова аткарган. Ошондой эле ага Дооронбек Садырбаев, Айтжан Айдарбеков, Токон Дайырбеков да тартылган.
"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми кийин эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарды багындырганы маалым. Мисалы, Алматы шаарында өткөн эки фестивалда тең биринчи орунду алып, сценарист Юсуф Разыков башкы байгеге татыган.
1 / 12
Башкы ролдордогу Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова
2 / 12
Кыска метраждуу тасма Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
3 / 12
Режиссер Аман Камчыбеков менен сценарист Юсуф Разыков иш маалында
4 / 12
Байбичелердин оозун ачырган каратист (Токон Дайырбеков)
5 / 12
Залкар актрисаларга аяр мамиле кылган режиссер
6 / 12
Комедия жанрындагы тасманы көрүүчүлөр жакшы кабыл алган
7 / 12
Тартуу иштеринин алдындагы репетиция: экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков жана актрисалар
8 / 12
Кинокартинанын оператору Бекжан Айткулуев
9 / 12
Фильмге тартылгандар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон
10 / 12
"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" Аман Камчыбековдун дипломдук иши болгон
11 / 12
Жаштардын ал эмгегин телеканалдар сатып алган
12 / 12
Чакан чыгармачыл топтун фильми кийин эл аралык кинофестивалдарды багындырган