Чыныбай Турсунбеков эскерилип, китептеринин бет ачары өттү. Сүрөттөр

Кечеге Турсунбековдун санаалаштары, кесиптештери, калемдештери катышып, өзү өтсө да экинчи өмүрү ырларында уланарын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Жогорку Кеңештин депутаты, акын Чыныбай Турсунбековду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул туурасында Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд билдирди.
1 / 5
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Жогорку Кеңештин депутаты, акын Чыныбай Турсунбековду эскерүү иш-чарасы өттү
2 / 5
Маалыматка ылайык, депутат көзүү тирүү болгондо быйыл 15-октябрда 61 жылдык мааракесин белгилемек
3 / 5
Анын туулган күнүнө карата чыгармалар жыйнагынын бет ачары уюштурулган
4 / 5
Эскерүү кечесине Турсунбековдун санаалаштары, кесиптештери, калемдештери катышып, анын элине ак кызмат кылганын, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн атап, өзү өтсө да экинчи өмүрү ырларында уланарын белгилешти
5 / 5
Кечеде Чыныбай Турсунбековдун "Жылдыздуу жээк" поэтикалык ырлар жыйнагынын, "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу эскерүү китебинин, "XX кылымдагы түрк дүйнөсүнүн адабияты" китебинин бет ачары менен бирге акындын калемине таандык ырлар окулуп, обондуу ырлары ырдалып, театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду
Маалыматка ылайык, депутат көзүү тирүү болгондо быйыл 15-октябрда 61 жылдык мааракесин белгилемек. Анын туулган күнүнө карата чыгармалар жыйнагынын бет ачары уюштурулган.
Эскерүү кечесине Турсунбековдун санаалаштары, кесиптештери, калемдештери катышып, анын элине ак кызмат кылганын, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн атап, өзү өтсө да экинчи өмүрү ырларында уланарын белгилешти.
Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты
Кечеде Чыныбай Турсунбековдун "Жылдыздуу жээк" поэтикалык ырлар жыйнагынын, "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу эскерүү китебинин, "XX кылымдагы түрк дүйнөсүнүн адабияты" китебинин бет ачары менен бирге акындын калемине таандык ырлар окулуп, обондуу ырлары ырдалып, театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду.
Чыныбай Турсунбеков пневмония илдетине чалдыгып, 2020-жылдын 7-июлунда көз жумган.