Пентагон башчысынын айтымында, АКШ бийлиги Киевдин НАТОго умтулушун толук колдойт, буга бөгөт болууга эч кимдин акысы жок. Москвада муну кызыл чийин деп эсептешет. Украинанын Түндүк атлантикалык блокко кабыл алынышы Россия жана дүйнөгө кандай кооптуулук жаратарын Андрей Коц талдап, макала РИА Новости сайтына жарык көрдү.
Кызыл чийин
Остиндин Украинага сапары абдан шаан-шөкөт менен өттү. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кубангандарын жашырбай, өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси дээрлик чечилди деп жатышты. Анткен менен Пентагон башчысы украиналыктарга так деле нерсе убада кылган жок. Суверенитетин жана евроатлантикалык умтулуусун колдой турганын, ошондой эле ачык каалгалар туурасында гана жалпы сөздөрдү айтты.
Кантсе да бул жөн гана сыпайы сапар болбоду. Остиндин учагы Киевге конор алдында Кара деңиздин россиялык Крым жээги тарабынан Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн эки B-1 бомбалоочу учагы өттү. "Силердин чек араңардын жанынан узакка орун алдык" дегенди кыйыткандай кадам болду.
Брюссель да, Вашингтон да Украинага НАТОго кабыл алууга эч кандай кепилдик бербесе да, Кремлдегилер буга абдан олуттуу карашат. Россиялык президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жагдайды Россиянын улуттук кызыкчылыктарынын кызыл чийинин одоно бузуу деп баалады. Эгер украиналыктардын бул көздөгөнү жүзөгө ашып калса, Москва "өз коопсуздугун камсыздоо үчүн абдан активдүү чараларды көрүүгө" аргасыз болот.
Украина мындай билдирүүгө дароо жооп кайтарды. Аталган мамлекеттин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба текебердик менен Киев үчүн бул темада Москванын пикири баары бир экенин айтты.
Россиялык сенатор Алексей Пушков, тескерисинче, бул маселе АКШнын НАТО боюнча европалык союздаштарын өтө түйшөлтө турганын эске салды. Альянстын жаңы мүчөсү үчүн алар өзөктүк держава менен согушууга ниеттенбейт. Анан да бул Батышка көйгөйдөн бөлөк эч нерсе алып келбейт. Кудай жалгап континентте белгисиз бир нерсе үчүн өз жоокерлерин өлүмгө жиберүүнү каалагандар аз. Эксперттер жакынкы келечекте Украинаны Түндүк атлантикалык блокко кабыл алары арсар экендигин айтышат.
РФ Федералдык кеңешинин эл аралык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров Ллойд Остин альянска мүчө болууну долулана талап кылып жаткан киевдик бийликти жошутууга гана келгенин боолголойт.
Кандай болгон күндө да Украина, жакын арада болбосо да, качандыр бир НАТОнун катарында болору толук ыктымал. Америкалыктар бул республиканын Куралдуу күчтөрүн заманбапташтырууга көп каражат жумшады, ал эми алар эч качан пайда көрбөс ишке акча салбайт.
Донбасс маселеси
"Украина чындап эле Россия үчүн — баягы кызыл чийин, НАТОну андан эч убакта өткөрүүгө болбойт, — дейт аскердик илимдердин доктору Константин Сивков. — Себеби жөпжөнөкөй: украиналык калк этникалык жактан орустарга окшош. Маңызында аталган өлкөнүн НАТОго кириши толук кандуу жарандык согушка шарт түзөт. Бул АКШ үчүн абдан пайдалуу.
Пентагон Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн кокус Түндүк атлантикалык альянс менен Россия жаңжалы тутанып кете турган болсо, алдыңкы катарда бара турган биринчи эшелонду түптөөдө".
Эксперттин баамында, Украина НАТОго киргенде анын чыгыш чек араларында заматта Батыштын Уралга чейин да аба жана жер бетиндеги абалга байкоо сала турган чалгындоо аппаратурасы пайда болот. Аркасынан америкалыктар Россиянын ири калааларына дейре тез жете турган Ракетага каршы коргонуу тутумдары, чакан жана орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштырат.
"Донбасс көйгөйү жөнүндө да унуткарбоо зарыл, — деп кошумчалайт Сивков. — Украина НАТОго кирген соң таанылбаган республикалар менен батыш өлкөлөрүнүн жоокерлери согушушу мүмкүн. Анда Донбасс жана Луганск элдик республикалары толук кыйрайт же Россия аларга болушат. Ал эми мындай абал Батыш менен ачык тирешке кептейт".
Андай учурда козголоңчу республикалардын көз карандысыздыгын таанып, аларды Россиянын курамына алуу Кремлдин эң туура кадамы болот деген ойдо эксперт. Батыш дал ушундан чочулайт. Мындан сырткары Россияга батыш чек араларын дагы чыңдоого туура келет.
"Кандай болсо да НАТОдогу Украина — биз үчүн олуттуу коркунуч, ага көз жуумп коюуга болбойт", — деп белгилейт Сивков.
Эреже деген жок
Ушул тапта Украинанын альянска киришине негизги тоскоолдук — Донбасстагы согуш. Уюмдун уставына ылайык чечиле элек аймактык, этникалык же саясий жаңжалдары бар мамлекеттерди мүчөлүккө алышпайт.
Брюсселдегилер да океан ар жагынан берилген белги менен башкалардын согушуна аралашкыдай кемчонтойлор эмес. Алар да кайсы бир эрежелерди сактоо зарылдыгын түшүнүшөт. Бирок эрежелер тургай, эл аралык укуктар деле түндүк атлантикалык блокко мүчө өлкөлөргө Косовонун көз карандысыздыгын таанууга, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок Иракты басып кирүүгө бөгөт боло алган эмес...
"НАТО шантажын улантууда, — дейт Аскердик илимдер академиясынын профессору Сергей Судаков. — Россиянын аталган альянс менен өз ара аракеттешүүсүн өбөлгөлөгөн дипломаттарды бардык түзүмдөрдөн кетирүү алардын акыркы кадамдарынан болду. Кансыз согуш жылдарындагы өз ара ымала түзүү принциптери эскирди. Бүгүнкү күндө билеги күчтүүнүн гана укугу баалуу. Анан, албетте, Украина күчтүүлөрдүн дүйнөсүнө баш багууга ашыгат".
Саясат таануучунун пикиринде, Россия кеминде эле өлкө үчүн эмне кооптуу жана кайсы жагдай коркунуч жаратпай турганын так ажырата турган улуттук коопсуздук концепциясын иштеп чыгууга тийиш. Ал Украина НАТОго кабыл алынгандан кийин Россия чек араларына америкалык "Томагавк" ракеталарын жайгаштырылса, бул согушка түз алып барчу жагдай экенин белгилейт.
"Анткени соңку ирмемге дейре аталган ракеталар кандай бөлүк менен жабдылганын тактай албайбыз, — деп түшүндүрөт Судаков. — Ал стандарттык, майдаланма-фугастык, балким, өзөктүк да болушу мүмкүн. Дүйнөдө абадан коргонуу тутумдарыбыз мыкты жана күчтүү болсо да, бир нече миң "Томагавктан" атылган залпты ооздуктоо өтө кыйын".
Кыязы, кырдаалдын олуттуулугун РФтин Коргоо министрлигиндегилер да баамдашкан көрүнөт, Батыш аскердик округунун күчтөрү батыштын кол салуусунан коргонуу деген уламыш менен командалык-штабдык машыгууларды байма-бай өткөрүүдө.