Үйдөгү олимпиададан чегирткеге чейин. Стенин атындагы сынактан 14 мыкты сүрөт

Андрей Стенин атындагы фотожурналисттердин эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн сынактагы мыкты эмгектерди көрүңүз.
Sputnik
Быйылкы жылы калыстар тобу 70 өлкөдөн келген 4,5 миң сүрөттү сындан өткөрүштү. Фотожурналисттер пандемия шартындагы жашоону, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, АКШдагы массалык нааразылык акцияларын, Олимпиаданы, тарыхый чыр-чатактарды жана сүйүү темаларындагы сүрөттөрдү тартышкан.
Гран-прини жана байгелүү орундарга жетишкендердин тизмесин жарыялоо салтанаты сынакты уюштурган "Россия сегодня" медиа тобунун мультимедиалык пресс-борборунда онлайн режиминде өттү.
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев сүрөттөр бүгүнкү күндүн эң чынчыл, консервативдүү искусствосу болуп калганын белгиледи.
"Сүрөттү тартуу үчүн кадрга түшө турган каармандын жанында болуш керек. Бул согуш жүрүп жаткан чак же ар кандай чыр-чатактар учуру болушу мүмкүн. Биздин Андрей Стенин да дүйнөнүн дээрлик бардык кооптуу аймактарына жете алган", — деген Киселев.
iPhone менен тартылган мыкты сүрөттөр: Photography Awards 2021 сынагы жыйынтыкталды   
Андрей Стенин атындагы сүрөт кабарчыларынын эл аралык сынагы 18 жаштан 33 жашка чейинки фоторепортёрлордун арасында жыл сайын өткөрүлөт. Бул жаш фотографтарды колдогон, алардын атын дүйнөгө тааныткан эл аралык аянтча.
"Россия сегодня" агенттигинин фотокорреспонденти Андрей Стенин 2014-жылдын 6-августунда Украинанын чыгышындагы согуштук окуяларды чагылдырууда каза болгон.
1 / 14
Стенин атындагы сынакта Индонезиядан келген фотограф Жошуа Ирвандинин (Joshua Irwandi) "COVID-19: адам баласынын куну" аталыштагы сүрөтү "Башкы жаңылыктар. Жалгыз эмгек" номинациясында биринчини алды
2 / 14
"Башкы кабарлар" номинациясындагы мыкты серия катары индиялык Чандан Ханнынын "Жарака" аттуу эмгеги болду. Анын фоторепортажында АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө карата уюштурулган нааразычылык акциясы чагылдырылган
3 / 14
Стениндин ысымындагы конкурстун "Спорт, жалгыз эмгек" категориясында жеңүүчү болгон сириялык фотограф Мунеб Таймдын "Урандыдагы паркур" аталышындагы сүрөтү
4 / 14
Россиялык фотограф Дарья Исаеванын "Үйдөгү олимпиада" аталышындагы эмгеги сынактын "Спорт, серия" категориясында жеңүүчү болду
5 / 14
Кытайлык фотограф Чан Сюянын "Жазга лыжа менен" аталыштагы сүрөтү Стениндин ысымындагы сынактын "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясында биринчини алды
6 / 14
Эл аралык сынактын "Менин планетам, сериялар" категориясында испаниялык Луис Татонун "Чыгыш Африканы чегиртке каптады" эмгеги мыкты деп табылды
7 / 14
Сергей Бобылевдун "Биздин замандын жүздөрү" эмгеги "Портрет. Биздин замандын каарманы. Жалгыз эмгек" номинациясын жеңди
8 / 14
Түркиялык Шебнем Кошкун "Суу астындагы жаңы коркунуч: COVID-19дун таштандылары" аталыштагы кадры менен сынактын баш байгесин алды
9 / 14
Калыстар тобу индиялык Шарафат Алинин "Кашмир: күмөндүү мурас" аталыштагы эмгегин "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинациясында мыкты серия деп атады
10 / 14
Дагы бир баш байге "М+Т" аталышындагы кадрдын автору, россиялык Мария Гельманга ыйгарылды
11 / 14
Луис Антонио Рохастын "Мексиканы көзөмөлдөөнү жоготуу" "Башкы жаңылык, серия" номинациясында үчүнчүнү ээледи
12 / 14
Абдул Моминдин "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясындагы "Сууга түшөбүз" сүрөтүнө калыстар үчүнчү орунду ыйгарышты
13 / 14
Андрей Стенин ысымындагы сынактын "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясында калыстардын атайын баасына арзыган бангладештик Рафид Ясардын "Бактылуу фермер" аталыштагы сүрөтү
14 / 14
Мухаммед Амдад Хоссейн жана анын "Сулуу көздөр" эмгеги "Портрет. Биздин замандын каарманы, жалгыз эмгек" номинациясында алдыңкы үчтүккө кирди