Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт

Президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандык жана чет өлкөлүк журналисттерге ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, иш-чара 23-октябрда болот.
"Анда президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет", — деп айтылат билдирмеде.
Маалымат жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы айтылды.