Ысык-Көлдө "Асман" шаарын куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлдү. Милдети

Мамлекеттик дирекция Балыкчы шаарында негизделет. Мекеменин директорун министрлер кабинетинин төрагасы дайындап, кайра иштен ала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети Ысык-Көл облусунун аймагында "Асман экологиялык таза шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик дирекция түздү. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда айтылат.
Белгилей кетсек, аталган документ 8-октябрда Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган. Ал эми "Эркин Тоо" гезитине 12-октябрда чыккан. Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөн соң күчүнө кирди.
Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери:
Мамлекеттик дирекция Балыкчы шаарында негизделет. Бул үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен Балыкчы шаардык мэриясына дирекциянын кеңсесин ачуу үчүн атайын жай менен камсыздоо тапшырмасы берилди.
Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы
Өкмөттүн мамлекеттик дирекция жөнүндөгү жобосуна ылайык, мекеменин директорун министрлер кабинетинин төрагасы дайындап, кайра иштен ала алат.
Дирекциянын башчысынын биринчи орун басары, ошондой эле дагы бир нече орун басары болмокчу. Аларды кызматка өзү дайындайт. Директор жок болуп калган кезде анын милдетин биринчи орун басары аткарат.
Эске салсак, 2021-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна инновациялык “Асман” шаарын куруу пландалып жатканын айткан. Калаа 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыкталмакчы. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды 7-10 жылдын аралыгында куруу пландалган.