Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам

Мыйзам боюнча айыл өкмөт башчыларын аким өзү дайындайт. Айылдык кеңештин депутаттары шайлоо укугунан толук ажырайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Акимдерге өзү башкарган райондо статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду.
"Аким кызматка президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. Эми облустук жана республикалык маанидеги шаар мэрлерин президент дайындайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жергиликтүү бийлик акимдин көзүн карап калат. Чуулуу мыйзамдын чоо-жайы
Маалыматта мыйзамга "жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин көтөрүү максатында" кол коюлганы айтылды.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдар консолидацияланган.
"Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилди", — деп билдиришти алар.
Район жетекчисине жогорудагы түзүмдөрдүн отчётторун угуу укугу да берилген.
Акимдин укуктары:
Анткен менен ЖКда бул мыйзам каралып жатканда бир катар каршы пикирлер да айтылган. Депутат Каныбек Иманалиев өз алдынча башкаруу органынын принциби бузулуп, жергиликтүү демилгелерди өчүрүп жатканын белгилеген.
Өкмөт эми социалдык тармактын пикирин укпайбы? Байсаловдун позициясы
"Акимдер институтун идеалдаштыргандан алыс болгула, АРИС программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын колдоо үчүн каражат берет. Европа реконструкция өнүктүрүү банкы мэрлер менен иштешет. Ушул сыяктуу программалар токтоп калбашына ким кепил боло алат?" — деген Иманалиев.
Мыйзамдар президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Белгилей кетсек, өлкөдө 452 айыл аймак, 32 шаар бар.