Сасык тумоо, пневмония болгон балдар үчүн убактылуу стационар ишке кирет

Убактылуу ачыла турган стационарга орточо оор абалдагы балдар жаткырылмакчы. Бишкекте үй-бүлөлүк медициналык борборлор да дем алышсыз иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар даярдалат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кошумча орундар шаардык клиникалык балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү максатында түзүлмөкчү.
"Курч кармаган вирустук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүшү керек. Мындан улам Республикалык диагностикалык борбордун базасында сасык тумоо жана пневмония болгон балдарды жаткыруу үчүн убактылуу стационар ачылып, ал жакка орточо оор абалдагы бөбөктөр жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.
Вирустук жугуштуу оорулар күчөп жаткандыгына байланыштуу ордо калаадагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордун баары дем алыш күндөрү да иштеп жатат.