БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде өлкөнүн эң мыкты айыл өкмөттөрүн сыйлады.
Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагы уюштурулган.
Айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп тандалган. Биринчисине шарты ыңгайлуу айыл өкмөттөр, экинчиге шарты катаал айыл өкмөттөр кирет.
Биринчи топтун арасынан:
Экинчи топтун арасынан:
Мындан сырткары, өлкөнү социалдык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн да бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери президенттин энчилүү сааты жана алкыш баракчасы менен сыйланды.