Чечинип алып аянтта турушту. Италиялык стюардессалардын нааразы болгон видеосу

Банкрот болуп калган Alitalia авиакомпаниясынын борт коштоочулары Рим шаарынын чок ортосунда нааразылык акциясын уюштурушту. Кыз-келиндер үстүндөгү костюмдарын чечип, жалаң ич көйнөкчөн калышкан.
Sputnik
Мындай жол менен алар 75 жылдан бери иштеп келе жаткан авиакомпания жабылгандан кийинки абалын көрсөтүүнү чечишкенин НТВ билдирди. 
Сыпайылык эле эмес. Стюардесса ар бир жүргүнчү менен эмнеге учурашат
Видеодон алардын эрежени сактап, коомдук тартипти бузбай, бирок сырттан караган ар бир адамдын көңүлүн бура тургандай акция уюштургандыгын көрүүгө болот.