Акылбек Жапаров: айыл өкмөттөн келип мага акыл үйрөткөндү токтоткула

Жапаров айыл өкмөт башчыларын ички инвесторлорду, жеке секторду тартуу жана ишканаларды ачууну негизги милдети катары кароого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдары менен болгон республикалык кеңешмеде айыл өкмөт башчылары кеңеш бергенди токтотуп, конкреттүү бизнес долбоорлор менен иштеши керектигин белгиледи.
"Залда отурган жетекчилер конкреттүү сунуш, долбоорлорду даярдаңыздар. Кеңеш бергенге, анан ой айтканга мастер болуп калдык. Эл го макул, жетекчилер эмне аларга кошулуп баратасыңар билбейм да. Мага же өкмөттүн мүчөлөрүнө кирип, оюңарды айтып, кеңеш бербегиле. Бизнес долбоор менен келгиле, жумушчу орунду кантип түзүү боюнча ойлоруңарды бөлүшсөңөр болот. Айыл өкмөттөн келип алып мага макроэкономиканы кантип оңдосо болот деп үйрөткөндү токтоткула, урматтуу айыл өкмөт башчылары", — деп кайрылды Жапаров.
Ошондой эле ал ички инвесторлорду, жеке секторду тартуу, ишканаларды ачууну негизги милдети катары кароого чакырды. Үч айдан кийин бул иштер боюнча айыл өкмөт башчылары менен акимдерден сурай турганын эскертти.