Диетолог адамдын мээсин жабырката турган азык туурасында айтып берди

Михаил Гинзбург шекер адамдардагы кан басымдын жогорулашын, кант диабетин, шишиктерди жана башка ооруларды шарттай турганына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кантты өтө көп колдонуу мээге терс таасирин тийгизип, эс тутумду начарлатат. Бул туурасында Sputnik радиосу диетолог Михаил Гинзбургга таянып билдирген.
Адис Огайо штатынын окумуштууларынын тамак-аштын адамдын мээсине тийгизген таасири боюнча изилдөөсүнө пикирин билдирген.
"Себеби табиятта эч ким кантты адам баласы азыркыдай жеп жаткан көлөмдө колдонбойт. Биздин организм эволюциялык жактан да шекердин метаболизминен коргонуунун жолдорун иштеп чыга элек", — деп түшүндүргөн Гинзбург.
Америкалык адистер ар түрдүү кошундулардан тазаланган углеводдорду когнитивдик жактан аксоолорго алып келерин далилдеп чыгышкан.
Радио
Психиатр Альцгеймер оорусунун негизги белгилери тууралуу айтып берди
Михаил Гинзбург шекер адамдардагы кан басымдын жогорулашын, кант диабетин, шишиктерди жана башка ооруларды шарттай турганын кошумчалады.
"Кантты ашыкча колдонгон адамдарда Альцгеймер оорусу көбүрөөк өрчүп, бул илдетке чалдыккандар акыл-эстен эртерээк айный баштайт", — деген россиялык диетолог.
Мындан сырткары, ал таттуу жемиштерди азыраак жеш керектигин эскерткен. "Мен айткан азыктардын көбү селекциянын жайынтыгы, алар курамындагы канттын көбөйүшү менен өскөн", — деп түшүндүргөн.
Адистер буга чейин артериялык кан басымдын көтөрүлүп кетишинен улам кан тамырлардын начар иштеп калышы адамды унутчаак кыла турган себептердин бири экендигин айтышкан.