Остеопороз — бул организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу менен мүнөздөлгөн оору. Көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 50 жаштан ашкан ар бир үчүнчү аял жана ар бир бешинчи эркек остеопороздон жабыркайт. Себеби аялдарда айыз токтогон кезде организмден кальций көбүрөөк чыгып кетет. Ал эми көбүнчө улгайган адамдарда көп кездешкенинин себеби жаш өткөн сайын кальцийдин организмге сиңүүсү начарлайт. Бул тууралуу Азамат Борукеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, остеопороз дартын толук дарылап айыктыруу мүмкүн эмес.
"Остеопороздун пайда болуусуна күнүмдүк тамак-аштын курамында кальций жана D витаминдери бар азыктардын жетишсиздиги себеп. Организмге D витамини жетпесе тамак-аш аркылуу кирген кальцийдин 5-8 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги көбүнчө балдарда итийди, чоңдордо остеопорозду пайда кылат. Ошондой эле ички бездердин эндокриндик ооруларынан, климакстан улам калкан сымал жана бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондорду иштеп чыгаруусу азаят. Бул сөөктүн түзүлүшүнө терс таасир этет. Аз кандуулук да сөөктүн борпоң болушун шарттайт. Аялдын кош бойлуу кезинде гемоглобини аз болсо баласы да анемия болуп төрөлүп, акырындап сөөгү морт болот. Ошону менен бирге аз кыймылдуулук, тамеки, спирт ичимдиги жана газдалган суусундуктарын, кофе көп ичүү остеопорозду шарттайт. Алсак, газдалган суусундук кальцийди көбүрөөк жууп салат. Остеопороз — үнсүз эпидемия. Сөөктүн морт болуп баратканынын белгилери анчалык деле байкалбайт. Бирок эгерде адам бул илдет менен ооруса, 50 жаштан кийин алган жаракаты оор болбосо деле сөөгү сынып кала берет. Арка-бели ооруп, адамдын бою чөгөт, сөөктүн тыгыздыгы азайган соң бейтап салмак жоготот. Дартты толук дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Андыктан алдын алуу зарыл", — деди Борукеев.
Дарыгер остеопорозду алдын алуу үчүн дарыгер менен кеңешип 40 жаштан баштап жана климакс башталгандан тарта кальций, D витаминин ичип, витаминге бай азыктарды жеп, көбүрөөк кыймылдоо керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: