Кулаган учак чачырап, күйүп кеткени менен жүргүнчүлөр аман калган. Видео

Американын Техас штатында учак абага көтөрүлгөндөн кийин көп өтпөй эле жерге кулап, чачырап кеткен.
Sputnik
РИА Новостинин "Телеграм" каналы учактагы 21 жүргүнчүнүн баары аман-эсен экендигин, алардын ичинен бирөө ооруканага жеткирилгендигин кабарлады. 
Брукшир шаарында (Уоллер округ) McDonnell Douglas DC-9-87 аба кемеси учуп-конуучу тилкеден көтөрүлүп, тиешелүү бийиктикке жете албай, кайрадан жерге кулаган. Асмандан тартылган видеодон токой сымал жерде учактын капкара болуп толугу менен күйүп кеткендигин жана анын масштабын көрүүгө болот.
Подмосковьеде аскер учагынын кулаганы видеого түшүп калган
Маалыматта аба кемеси жерге түшкөндө бир нече бөлүккө чачырап талкаланып кетип, андан соң жалындаган өрттүн ичинде калганы айтылган. Бактыга жараша, экипаж менен жүргүнчүлөрдү тез арада эвакуациялоого үлгүрүшкөн.
ЖМКлардын жазганына караганда, учак жергиликтүү курулуш компаниянын ээси Алан Кент аттуу адамга катталган. Анын да бортто болгондугу айтылды.
Эки кыймылдаткычтуу McDonnell Douglas DC-9-87 аба техникасына жалпысынан 172 адам батат.