БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Оңдоо иштери бүткөнүнө байланыштуу 1-ноябрдан тарта пландык өчүрүүлөр болбойт. Бул туурасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев парламентте билдирди.
Депутаттар көпчүлүк аймактарда электр энергиясы атайылап өчүрүлүп жатканын айтып себебин сурашты.
Бекмурзаев атайылап өчүрүү болбогонун, оңдоо иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.
"Былтыркы пандемияга байланыштуу эки жылдык пландык оңдоо иштерин быйыл бир жылдын ичинде жасап жатабыз. Октябрдын аягына чейин ал жумуштардын баарын бүтүрөбүз. 1-ноябрдан баштап пландык оңдоо иштерине байланыштуу электр кубаты өчүрүлбөйт. Ошого үлгүргөнгө аракет кылып, балдарыбыз күнү-түнү иштеп жатат", — деди Бекмурзаев.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалыматын укту.