Бишкек ТЭЦтин буу казандарын казакстандык жеке компания иштетеби?

Жарыяланган маалыматка караганда, баш калаанын Жылуулук электр борборунун 10 буу казанынын агрегаттары жеке компаниянын колуна тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети "Электр станциялары" ишканасын Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү, буу казандарын жана башка жабдууларын карап иштетүү үчүн Hampton Resources Limited жеке компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
"Мага ушундай маалымат мессенжерге келди. Министрлер кабинетинин буйругу менен күзгү-кышкы жылуулукту камсыздоо үчүн "Электр станцияларын" кайдагы бир Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендиришиптир. Ал Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келип жана буу казандардын агрегаттарын тейлейт экен. Демек, шек жараткан репутациясы бар кайдагы бир компания биздин стратегиялык маанидеги ишкананы тейлейби?" — деп жазган Никитенко.
Sputnik кабарчысы бул боюнча министрлер кабинетине кайрылып, комментарий сурады. Өкмөттүн маалымат кызматынан маалыматты тактагандан кийин кабарлашарын айтышты.
Никитенко койгон документте буйрук мындан эки күн мурда, 18-октябрда, чыкканы айтылган.
Буйруктун тексти:
1. КРдин Энергетика министрлиги "Электр станциялары" ААКсына Hampton Resources Limited компаниясы менен төмөнкү келишимди түзүүнү тапшырсын:
2. КРдин Энергетика министрлиги "Электр станциялары" аталган келишимдерде ААКка Hampton Resources Limited компаниясы үчүн төмөнкү милдеттенмелерди милдеттүү түрдө кароону тапшырсын:
3. КРдин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
Көмүрдүн сапатына мамлекеттик көзөмөлдү уюштуруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
Бишкек мэриясы ТЭЦти өз балансына ала алабы? Калаа башчысынын жообу
Эске салсак, 30-январда Hampton Resources Limited компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал учурда вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Өкмөт үйдө аларды кабыл алган. Анда аталган компания энергетикалык сектордо, тагыраагы, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндө ЖЭБдер жана буу казандар үчүн көмүрдү терең, кайра иштеп чыгууда масштабдуу реформаны сунуштаган.
Өкмөттөн Hampton Resources Limited жетекчиси Карина Авдеева экендигин билдирип, фирма Казакстандагы (Караганда) ТОО Exim Artis көмүр компаниясынын туунду компаниясы экендиги айтылган.
"Сунуштун бет ачарын Exim Artis жана Hampton Resources Limited директорлор кеңешинин мүчөсү Т.Адамкулов өткөрдү", - деп билдирген анда өкмөттүн маалымат кызматы.
Exim Artis сайтында алардын ишмердүүлүгү көмүрдү сатып алуу, кайра иштетип, кара алтындын баалуу сортторун (кокс жана жылуулукту жакшы бөлүп чыккан түрү) кайра сатуу экени айтылган. Алар продукциясын негизинен чет өлкөлөргө жана Казакстандын ички рыногуна соодалаары жазылган.