Бийлик ТЭЦти тейлейт делген Hampton Resources Limited боюнча түшүндүрмө берди

Казакстандык компания жеткире турган көмүр экологияга анчалык зыян келтирбеси жана каражатты үнөмдөөгө шарт түзөрү айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүшү керек деп министрлер кабинети жарыялаган тескеме тууралуу КР президентинин администрациясы түшүндүрмө берди.
Анда маселенин таржымалы айтылган.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусуна иш сапары менен барып, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Андан соң борбордук ТЭЦте аталган компания сата турган КО үлгүсүндөгү 7 миң тонна көмүр сыноо иретинде күйгүзүп көрүлүп, жыйынтыгы боюнча Энергетика жана экономика илим-изилдөө институту корутунду берген. Анда бул көмүр экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизери айтылган.
Администрациядан түшүндүрүшкөндөй, төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook тармагындагы баракчасына Кыргызстандын министрлер кабинети "Электр станциялары" ишканасын Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү, буу казандарын жана башка жабдууларын карап иштетүү үчүн Hampton Resources Limited жеке компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирди деп жазган.
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
Аны менен катар депутат өкмөттүн тескемесинин сүрөтүн жарыялаган. Эске салсак, 30-январда Hampton Resources Limited компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал учурда вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Өкмөт үйүндө аларды кабыл алган. Аталган компания энергетикалык сектордо, тагыраагы, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндө ЖЭБдер жана буу казандар үчүн көмүрдү кайра иштеп чыгууда масштабдуу реформаны сунуштаган.