Театр менен кинонун ханышасы. Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган ирмемдери

Бүгүн – белгилүү актриса, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскерип, сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепте 7-классты аяктагандан кийин ата-энесине билгизбей театрга кирип алат. Бирок анын мындай аракетине атасы каршы чыгат. Ошондо Кыдыкеева театрдан чыгуу үчүн арыз жазганы барса, өспүрүмгө жаңы роль сунушташат. Бир күнү атасы кызынын таланты тууралуу гезит бетинен окуп, ага чыгармачылык менен алектенүүгө макулдук берет. Ошондон тарта ал кызынын туруктуу күйөрманы болуп, өмүрүнүн аягына чейин ар бир жаңы спектаклине гүл көтөрүп барууну адат кылып алган.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда эмгектенип, узак убакыт Кыргыз драма театрынын сахнасында ойногон. Ошол эле маалда Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева жана Жамал Сейдакматова өңдүү бир топ чыгармачыл инсандарга устат болуп жол көрсөткөн.
Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. "Чыңгыз хандагы" ирмемдер
Ал эми кинодо ондогон роль аткарып, "Саманчынын жолунда" Толгонайдын, "Биринчи мугалимде" Кара катындын, "Караш-Караш окуясында" Хадичанын образын жараткан.
Сахна жылдызы жашоосунда ар кандай бут тосууларга дуушар болуп эки жолу театрдан чыгырылган. Кыдыкеева орто жолдо калып, убагында эмгегине тиешелүү баа берилген эмес. Бирок ага карабай өмүрүнүн акыркы күндөрүн дагы театрда өткөргөн. Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.
1 / 16
Бакен Кыдыкеева 13 жашында Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарган
2 / 16
Кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" актриса Салтанаттын ролун ойногон
3 / 16
Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева 1972-жылы "Көчө" фильминде
4 / 16
Кинокартиналарда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө
5 / 16
Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне
6 / 16
Бакен Кыдыкеева трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу таланты жогору бааланган
7 / 16
Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев эне-баланын образында, 1975-жыл
8 / 16
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тасма тартуу маалында
9 / 16
"Искусство жөнүндө жомок" кинотасмасында режиссер Геннадий Базаров менен залкар актриса
10 / 16
Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу учуру: Бакен Кыдыкеева Уулжандын энесинин, Калича Рысмендеева байбиченин образында
11 / 16
Кыргыздын каймактары: солдон оңго актер Аманкул Куттубаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, актерлор Ашыралы Боталиев, Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева жана төкмө акын Токтоналы Шабданбаев, Москвадагы Казань вокзалы, 1958-жыл
12 / 16
Таланттуу актрисага грим коюп жаткан гример-художник Белякова
13 / 16
СССРдин эл артисти 30га жакын фильмге катышкан
14 / 16
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жүз жаштагы элеттик карыя менен. Чоң-Кемин, 1978-жыл.
15 / 16
Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" фильми: КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, 1967-жыл
16 / 16
Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган