WhatsApp: билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Мурда кандайдыр бир билдирүүнүн жаккан-жакпаганын көрсөтүү үчүн диалог катары экинчи билдирүүнү жөнөтүү керек болчу. Эми ар бир жазышуунун алдында смайликтер турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринин колдонуучулары билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды.
Instagram колдонуучуга тиркемедеги мүчүлүштүктөрдү айтып турат
Мындай функция азыр Facebook Messenger тармагында иштеп жатат. Кнопка-смайлик диалогдогу ар бир билдирүүнүн астына чыгып турат, колдонуучу каалаганын кетире алат.
Опция учурда иштелип чыгуу стадиясында, качан бардыгына жеткиликтүү болору белгисиз.