Дагы бир медаль! Ардагер балбан Сааданбек Ниязов дүйнө чемпионатында коло утту

Акыркы беттеште Ниязов 130 килограмм салмакта россиялык Игорь Полетаев менен кармашып, жыйынтыгында 10:4 эсебинде жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Сааданбек Ниязов ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирип, видеосун Instagram баракчасына жүктөдү.
Акыркы беттеште Ниязов 130 килограмм салмакта россиялык Игорь Полетаев менен кармашып, жыйынтыгында 10:4 эсебинде жеңип, коло тагынган.
Буга чейин ушул эле чемпионатта ардагер балбан Талант Бегалиев 56-60 жаштагылар арасында 70 килограмм салмак менен күрөшүп, финалда америкалык атаандашын 11:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болгон.
Мелдеш 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында башталды. Ал 24-октябрга чейин созулат.