Пандемияда көз жумган медицина кызматкерлерине арналган эстелик ачылды

Кыргызстанда жалпысынан 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемия маалында каза болгон медицина кызматкерлерине арналган эстеликтин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чаранын катышуучулары, курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери эстеликке гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Андан соң өлкө гимни жаңырды.
1 / 4
Бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемия маалында каза болгон медицина кызматкерлерине арналган эстеликтин ачылышы болду
2 / 4
Иш-чаранын катышуучулары, курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери эстеликке гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Андан соң өлкө гимни жаңырды
3 / 4
Пандемия мезгилинде 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон
4 / 4
79 дарыгер жана 44 орто медперсоналдын өкүлдөрү бар
Эстеликтин ачылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов
Пандемия мезгилинде 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон. 79 дарыгер жана 44 орто медперсоналдын өкүлдөрү бар. Эстеликти орнотуу тууралуу идея медицина коомчулугунун арасында пайда болуп, ал ыктыярдуу чогултуудан түшкөн каражатка тургузулган.