БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ооруканага кайрылгандар көп болгондуктан айрым балдарды аягына чейин дарылабай эле чыгарып жатабыз. Бул тууралуу Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева билдирди.
Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Балдар арасындагы сасык тумоо. Кичинекейлерди коронавирустан кантип коргойбуз?" аттуу брифингге катышкан.
Медиктин айтымында, аталган оорукана пандемия башталгандан бери балдардын жугуштуу илдеттер стационарына айланган.
"Акыркы күндөрү тумоолоп калган балдарды көп алып келип жатышат. Эгер буга чейин педиатрларга 200гө чейин адам кайрылса, соңку күндөрү бул сан 370-400гө чыкты", — деди Анакеева.
Дарыгер азыркы тапта вирустук инфекция жүрүп жаткандыгын жана анын курс белгилери төмөнкүдөй экендигин айтты.
Анакееванын айтымында, аталган ооруканада педиатрлардын бир эле бөлүмү бар. Ал дагы 50 гана орунга ылайыкташылган.
"Тилекке каршы, ал жакта бош орун болбойт. Медициналык жардамга өтө зарыл болгондор көп кайрылгандыктан кээ бир балдарды аягына чейин дарылабай, үйүнө жиберип жатабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алышсыз иштеп жатышат.