Пресс-борбор

Баланын дене табын кантип туура түшүрүү керек. Дарыгердин кеңеши

Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары температураны кантип түшүрүү керектигин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева балдарга дары-дармекти кантип туура берүү боюнча бир катар кеңештерин айтты.
Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Балдар арасындагы сасык тумоо. Кичинекейлерди коронавирустан кантип коргойбуз?" деп аталган брифингге катышкан.
Анакеева төмөнкүдөй кеңештерди берди:
Анакеева ошол эле учурда, ооруп калганда температуранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Температураны 36,6 градуска, башкача айтканда, кадимки деңгээлге түшүрүүгө аракеттенүүнүн зарылчылыгы жок. Дал ошол дене табы жогорулаган учурда организмде интерферон иштелип чыгат. Баланын температурасы көтөрүлгөнү абдан жакшы симптом, баарында эле, айрыкча иммунитети төмөн балдарда мындай боло бербейт. Баланын дене табынын көтөрүлүшү — бул жакшы көрүнүш. Биринчиден, бала ооруп жатканын айтат, экинчиден, температура денедеги вирустарды өлтүрөт", — деп түшүндүрдү Анакеева.
Ал белгилегендей, эгерде ата-эне балага температураны түшүрүүчү дарыны такай берип келсе, анда организм инфекциялар менен өз алдынча күрөшүүнү токтотот, бул абалды кыйындатат. Дарыны ыксыз эле ичире берүүгө болбойт, бирок талма илдетине чалдыгып калбаш үчүн тең салмактуулукту сактоо маанилүү.