БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясында кинопленкага тартылган эски тасмаларды санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Мындай шартты Түркия тарап, анын ичинен Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигин (ТИКА) түзүп берген. Тагыраагы, алар Blackmagic Cintel Scanener техникалык жабдуу комплексин тартуулаган.
"Мындай жабдуу менен эми киностудия пленкага тартылган эски тасмаларды санарип форматына өткөрүп, аларды узак мөөнөткө сактоо иш-аракеттерин баштайт. Учурда киностудияда 900дөн ашуун тасма бар", — деп айтылган маалыматта.
Ачылыштын жүрүшүндө киностудиянын директору Акжол Бекболотов заманбап техниканы пайдалануу жана аны колдонуу ыкмасын көргөзүп берген.
Техникалык жабдуу комплексинин бет ачар аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышкан.
Буга чейин "Кыргызфильмдин" жетекчилеринин бири Айбек Жангазиев кинопленкага тартылган тасмалардын санарипке көчүрө турган профессионалдык аппараттын жоктугу эң чоң көйгөй болуп жатканын айткан. Кырсык болуп кетсе шедевр тасмалардан кол жууйбуз деген тынчыздануусун билдирген эле.