Ханышанын эстелигинен тарта жылуулук түтүгүнө түшкөн унаага чейинки сүрөт түрмөк

Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Sputnik
Дүйнөдө бою эң узун аял Румейса Гелги Түркиянын Сафранболу шаарындагы үйүнүн алдында маалымат жыйын өткөрдү.
Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтыра турган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жол 2024-жылы толук бүтүп, пайдаланууга берилет.
Улуу Британияда жыл сайын болуучу Лондондук кинофестиваль өттү.
Бхактапурда (Непалда) Дашайн фестивалынын онунчу жана акыркы күнүн майрамдоо салтанаты болду.
Новосибирскиде  (Россия) автоунаа жылуулук трассасынын шагылына түшүп кетти.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Бристолдогу Англия академиясынын Вестбери-он-Трим чиркөөсүнө барды.
Афинада (Греция) нөшөрдөн соң шаардын көчөлөрүн суу каптады.
Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр
Ливандын Бейрут шаарында Сот адилеттүлүгү сарайында шииттердин "Хезболла" тобу жана анын союздаштары нааразылык акциясын уюштурду. Тынчтык митингинин катышуучулары порттогу жардыруу боюнча ишти алып барган судья Тарек Битарды кызматтан четтетүүнү талап кылышты. Шиит партиясынын жактоочулары соттун чечимдери саясатташкан жана мыйзамсыз деп эсептешет. Полиция менен болгон кагылышууда кеминде алты киши каза болду.
Мадридде (Испания) Dia de la Hispanidad (испан тилинде сүйлөөчүлөр күнү) майрамына арналган аскердик парад өттү
АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында Austin City Limits музыкалык фестивалы болду.
Блэкпулда (Улуу Британия) ханыша Елизавета IIнин жаңы мом фигурасын орнотушту. Жаңы эстелик 2012-жылы ханышанын бриллиант юбилейинин урматына коюлган айкелдин ордуна тургузулду.
 
1 / 16
Дүйнөдөгү эң бою узун аял Румейса Гелги Түркиянын Сафранболу шаарындагы үйүнүн алдында уюштурган пресс–конференцияда апасы менен турат
2 / 16
Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтыра турган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн дрондон көрүнүшү. Азыркы тапта жолдо Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.
3 / 16
Жорж Клунинин жубайы, юрист Амаль Клуни Лондондогу кинофестивалда
4 / 16
Пальма аралын жанар тоонун күлү каптап калды. Кумбре-Вьеха вулканынын атылганы уланып жатат. Лава 674 гектарга жакын жерди каптап, 800дөн ашык үйдү талкалаган.
5 / 16
Новосибирскиде (Россия) куткаруучулар асфальт бузулуп жылуулук өтүүчү түтүктөрдүн жайына түшүп кеткен автоунааны чыгарып жатышат
6 / 16
Непалдын Бхактапур шаарындагы "Дашайн" фестивалынын акыркы күнүндө индуисттер диний жөрөлгө жасап жатышат
7 / 16
Лас-Вегастагы Fantasy бурлеск-шоусунун катышуучулары
8 / 16
Лондондун түштүк-батышындагы Бушей паркындагы кызыл бугу
9 / 16
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Бристолдогу башталгыч мектепке барды
10 / 16
Арлингтондогу (АКШ) көп батирлүү үйдүн балконунда отурган киши
11 / 16
Грециянын борбору Афиныда нөшөрдөн кийин баш калаанын көчөлөрүн суу каптады. Сүрөттө автобустун айдоочусу жер астындагы өтмөктө калган автобустун жүргүнчүлөрүн эвакуациялагандан кийин сууда басып баратып телефон менен сүйлөшүп жатат.
12 / 16
Мадридде испан армиясынын элиталык бөлүгүнүн мүчөлөрү эчки менен турат
13 / 16
Ливандын Бейрут шаарындагы Сот адилеттүүлүгү сарайынын алдында "Хезболла" шиит тобу жана анын союздаштары уюштурган нааразылык акциясында кеминде алты киши көз жумду.
Акциячылар порттогу жардыруу боюнча ишти алып барган судья Тарек Битарды кызматтан четтетүүнү талап кылуу боюнча тынчтык митингин уюшутурууну пландашкан. Шиит партиясынын жактоочулары соттун чечимдери саясатташкан жана мыйзамсыз деп эсептешет.
14 / 16
"Талибан" согушкерлери Кызыл чырым эл аралык коимтетинин Кабулдагы реабилитациялык борборунда буттарына коюлган жаңы протездерди сынап көрүшүүдө
15 / 16
Колумбиялык ырчы Кароль Жи АКШнын Техас штатында өткөн Austin City Limits музыкалык фестивалында ырдады
16 / 16
Сүрөтчү Эмма Михан Блэкпулда ханыша Елизавета IIнин мом фигурасына акыркы штрихтерди тартып жатат. Жаңы эстелик 2012-жылы ханышанын бриллиант юбилейинин урматына коюлган айкелдин ордуна тургузулду.