Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип мурдагы милиционер кармалды

Колго түшкөн киши буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен. Ал 14-ноябрга чейин камакка алынды.
Sputnik
ОШ, 15-окт. – Sputnik. Ош шаарында 15 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 25 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, шектүү 12-октябрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышкан. Аны түнкү саат 03:00дөр чамасында калаанын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине өз автоунаасы менен алып барып, кыздын эркине каршы күч колдонуп, зордуктаган.
Жабырлануучунун арызында шектүүнүн мектеп окуучусун бычак такап коркутканы айтылат.
Атайын экспертизанын корутундусу жабырлануучунун зордукталгандыгын тастыктаган.
Түркия: кыргызстандык келинди кайнатасы эмнеге өлтүргөнүн айтып берди
Учурда шектүү катары О.Э. кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шаардык сот шектүүнү 14-ноябрга чейин абакта кармоо чечимин чыгарды.
Факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Колго түшкөн киши буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.