Таң калган, ырахаттанган учурлары. Жаныбарлардын эмоциялары сүрөттө

Жаныбарлар өзүнүн акылы, жүрүм-туруму менен ар дайым адамдардын кызыгуусун жаратып, камкордукка, коргоого алынып келет. Sputnik топтогон сүрөт түрмөгүнөн алардын ар кыл эмоцияларын көрүүгө болот.
Sputnik
1931-жылы Флоренцияда (Италия) жаныбарларды коргоо боюнча эл аралык конгресс өтүп, жыл сайын Жаныбарларды коргоо күнүн белгилөө чечими кабыл алынган.
Айбанаттар адамдар сымал сүйүнөт, таң калат, коркот, башкача айтканда, ар кыл абалга туш келгенде алардын да эмоциясы чыгат. Бул сапар дүйнөдөгү ар кыл агенттиктердин сүрөтчүлөрү тартып алган ирмемдерди окурмандарга тартууламакчыбыз.
1 / 15
Түндүк деңиздеги (Германия) Гельголанд аралынын пляжында жаткан боз тюлень. Аталган жаныбарлар ноябрдан тарта январга чейин ушул жерде төлдөйт. Үч жумадан кийин чоңдор кичинекейлерди кароосуз калтырып, тагдырын өз колуна тапшырат
2 / 15
Кичинекей орангутан. Pairi Daiza зоопаркындагы (Бельгия) ойноп жаткан эне-бала
3 / 15
Вагондон башын чыгарып турган эшек (Ирландия)
4 / 15
Карчыга куш. Сан-Сальвадор (Сальвадор) шаарындагы Айлана-чөйрө боюнча министрликтин ветеринардык клиникасынан тартылган сүрөт.
5 / 15
Пекинес. АКШдагы түрү суук иттердин сынагынын катышуучусу.
6 / 15
АКШнын Жоржия штатындагы фермада өткөн жарыштан кийин кожоюндары жуундурган торопой суудан силкинип жатат
7 / 15
Охот деңизиндеги аралдын жашоочусу деңиз мышыгы - секач. Бул жерде алар кароого, камкордукка алынган
8 / 15
Ырахаттанып... Берлиндеги Zoologischer Garten зоопаркындагы көлмөдө жуунуп жаткан тюлень
9 / 15
Бамбук жеп жаткан эркек панда. Токидогу Уэно зоопаркынан тартылган сүрөт
10 / 15
Абдан кызыгып карап жатат окшойт. Фуэнтеспине (Испания) шаарындагы шумкарлар борборунун жашоочусу
11 / 15
Таң калып же бир нерсеге кызыгып... Бегемоттун Хэллоуин аттуу баласы Карлсруэ (Германия) зоопаркында
12 / 15
Селкирк-рекс тукумундагы мышык. Москва шаарында өткөн "Гран-при Royal Canin 2017" эл аралык көргөзмөсүнүн катышуучусу
13 / 15
Жер алдынан чыккан енот (Массачусетс штаты, АКШ)
14 / 15
Пекин зоопаркындагы страус. Аталган жайдын аймагы Мин династиясынын императордук сарайы болгон. 1908-жылы эл үчүн ачылган. Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда жаныбарлардын дээрлик көпчүлүгү ачкадан өлүп, 13 маймыл жана картаң эму тирүү калган
15 / 15
Сукамад (Ява аралы) пляжындагы деңиз ташбакасы