Путин АКШлык журналист айымга комплимент айтты. Видео

Акыркы апталарда энергия менен камсыздоочу каражаттардын баасы кескин жогорулады. Адистер муну Европанын газ кампаларында ресурстун аздыгы менен түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШлык CNBC телеканалынын журналистине комплимент айтып, бирок ага газ тууралуу туура эмес маалымат жеткирип жатышканын кошумчалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Журналист Россиянын энергетика жумалыгында модератор болуп жатан. Ал Путинге Россия газ түтүктөрү аркылуу газ бербей туруп өзүнүн ишенимдүү өнөкөш экенин кантип далилдейт деген мааниде суроо берген.
"Татынакай, келишимдүү аялзаты экен... Бирок мен ага бир нерсени айтсам, таптакыр башканы сурап жатат. Европага газ жеткирилбей жатат деп айткандары чындыкка туура келбейт. Тескерисинче, "Газпром" газ берүүсүн 10 пайызга, өлкө жалпысынан 15 пайызга жогорулатты”, — деди Путин.
Акыркы апталарда энергия менен камсыздоочу каражаттардын баасы кескин жогорулады. Адистер муну Европанын газ кампаларында ресурстун аздыгы менен түшүндүрдү. Бирок Россия көгүлтүр от боюнча түзүлгөн көйгөйлөрдү жоюуга жардам берерин айтууда.