Бишкекте 14-октябрда таза суу жок болот. Көчөлөрдүн тизмеси

Мэрия үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана башка социалдык мекемелерде суу жок болорун эскертип, алдын ала камдап алууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эртең, 14-октябрда, саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет бул токтотуу "Батыш-2" суу кампасы менен шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу экенин айтты.
Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
Мэрия үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде суу болбой турганын эскертти.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырган.