Абыкеевдин ордуна жаңы мамлекеттик катчы келди

Сүйүнбек Касмамбетов жарлыкка ылайык президенттин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касмамбетов КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп дайындалды", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми мурдагы маалымат катчы Чолпонбек Абыкеев жарлыктын негизинде кызматтан кеткен.