WhatsApp колдонуучуларына үн билдирүүлөрдү жөнөтүү жеңилдейт

Буга чейин үн жаздыруу кызматын бир жолу баскандан кийин коё берсең дароо экинчи кишиге кетип калчу. Эми ал интерфейске "тыным" деген кнопка кошулат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. WhatsApp мессенжери үн билдирүүлөрдү жөнөткөндөр үчүн ыңгайлуу опцияны киргизип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Колдонуучулар үн жаздыруу маалында токтотуп, кайра уланта алат. Бул функция кайталанма жана көп жиберилген билдирүүлөрдү азайтып, ойду бир эле жолу жаздыруу менен жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда жаздыруу кнопкасын бир жолу басып коё бергенде эле маектешке кетип калат. Эми үн жаздыруу интерфейсине "тыным" (пауза) деген баскыч кошулат.
Азырынча жаңы кызмат iOS мобилдик операциялык системасынын бета-тесттери үчүн жеткиликтүү. Android үчүн иштелип жатат.