Радио

Кененбаева: "Коопсуз шаар" алкагында жол кырсыктары 20%га азайды

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте жол кырсыктарынын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 20 пайызга азайганын айтты.
Sputnik
Камералардын орнотулушу менен Чүй облусунда унаа кырсыктары 45 пайызга төмөндөдү. Мындай маалыматты Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көчөлөрдө коюлган камералар айдоочулар тарабынан бузулган эрежелерди гана эмес, адамдарды да каттоодон өткөрөт.
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн Мониторинг борбору Бишкек шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, анализ, мониторинг жүргүзүү аркылуу жумуш алып барып жатат. Алсак, мурунку жылдарга салыштырмалуу жалпысынан Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол кырсыктары 20 пайызга азайса, Чүй облусунда 45 пайызга кыскарды. Биздин камералар менен унааларды гана эмес, адамдарды да аныктоо мүмкүн. Кылмыш иштерин иликтөөдө артыкчылык болот", — деди Кененбаева.
Ошондой эле адис "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы республиканын бардык аймактарын камтый тургандыгын кошумчалады.