Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү

Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында райондор менен айылдарды бириктирген автоунаа жолдоруна жана айрым тилкелерге видеокамераларды орнотуу тууралуу кеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3
Бүгүн ИИМде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме болду
2 / 3
Аны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн
3 / 3
Министр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген.
Аны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн.
Министр ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларын белгилеген. Андан сырткары, алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирген.
"Өлкөбүздүн туруктуулугу, ар бир жарандын коопсуз жашоосу жана эртеңки күнгө ишеними баарынан жогору турат. Шайлоо иш-чарасы болобу же коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болобу, ички иштер органдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди гана аткарып, саясаттан алыс болууга тийиш", — деген Ниязбеков.
Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо максатында аймактарга, райондор менен айылдарды бириктирген автоунаа жолдоруна жана айрым тилкелерге видеокамераларды орнотууга жетишүү керектиги тапшырылган.
Чогулуштун жыйынтыгы менен кызматтардын алдына бир катар тапшырмалар коюлган:
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышкан.