Микротолкундуу мешти колдонуудагы катачылыктар. Дарыгердин эскертүүсү

Тамак-ашты пластиктен жасалган идишке салып жылытуу онкологиялык оорулардын өрчүшүнө алып келиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Микротолкундуу мешти колдонууда идишти туура тандоо керек. Пластик табактарга тамак-ашты көп жылытуу рактын өрчүшүнө себепкер болушу мүмкүн. Диетолог дарыгер Наталья Круглованын мындай эскертүүсүн "Москва 24" сайты жазды.
Ал микротолкундуу мешке тамак-ашты айнек табакка салып жылыткан коопсуз экендигин айткан. Эгерде киши пластик идишти пайдаланса, ага зыяндуу бирикмелер түшүп калышы мүмкүн. Мындай оокаттарды бир ирет колдонгон кооптуу эмес, аны адатка айландырып ар күн сайын пайдалана бербеш керек.
"Киши мындай жол менен жылытылган тамакты күн сайын жей берсе, кээ бир онкологиялык ооруларга чалдыгуу кооптуулугу жаралат", — деп эскерткен диетолог.
Круглованын айтымында, толкундуу мештер негизинен зыяндуу деле эмес. Кээ бир учурларда СВЧ-мештердеги азык көмөч казанга бышкандарга караганда пайдалуу деген пикирин билдирген.