ТИМ жетекчиси Россиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Руслан Казакбаев менен Николай Удовиченко бүгүн жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү делген маселелерин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен эки мамлекеттин президенттери макулдашкан маселелердин ишке кандай ашып жаткандыгын талкуулады. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен эки мамлекеттин президенттери макулдашкан маселелердин ишке кандай ашып жаткандыгын талкуулады
2 / 2
ТИМ башчысы элчи менен бүгүн, 9-октябрда, жолуккан
ТИМ башчысы элчи менен бүгүн, 9-октябрда, жолуккан. Алар кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү делген суроолорун талкуулашкан. Жакынкы аралыкта боло турган министрликтер аралык иш-чараларды тактап, эл аралык жана аймактык маанидеги маселелер боюнча сүйлөшкөн.
Мындан сырткары, мамлекет башчылардын Москва менен Сочиде болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусу тууралуу да кеп кылышкан.