COVID менен ооруган эркек балалуу болууга качан кам урушу керектиги айтылды

Пушкарь коронавирус эркектердин ден соолугуна терс таасир тийгизерин айтып, вакцинанын зыяны жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Коронавирус менен ооруган эркек дарттан үч ай өткөн соң гана балалуу болууга даярданышы керек. Бул тууралуу уролог Дмитрий Пушкарь билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз үч ай ыңгайлуу убакыт деп ойлойбуз. Андан эрте болуп калса деле коркунучу жок, бирок үч ай күтө турганы жакшы", — деген дарыгер.
Бейшеналиев: вакцинанын тукум улоого таасирин 5-10 жылдан соң айта алабыз
Пушкарь коронавирус эркектердин ден соолугуна терс таасир тийгизерин айтып, вакцинанын зыяны жок экенин белгилеген.
"Вирус өтө терс таасирин тийгизет. Бирок бул маселе жакшы иликтене элек. Окумуштуулар коронавирустан кийин биринчи үч-төрт айда организм өзгөрө турганын далилдешти. Бирок кийин баары өз калыбына келет деген үмүттөбүз", — деди уролог.
Буга чейин башка медиктер коронавирус менен ооруган эркектин уругу бузуларын айтышкан.