БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Башында Тэмми Дакуорт турган АКШнын сенаторлор тобу Афганистандагы согуштун аспектилерин изилдеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүүгө чакырык жасады. Бул туурасында RT жазды.
Маалыматта бул демилге келечекте Кошмо Штаттардын "жаңылыштык кетирбеши үчүн" көтөрүлүп жатканы жазылган.
Эл өкүлдөр тобу чалгынчылардын, дипломаттардын, ал тургай мамлекет башчынын иштерине анализ жасап чыгуу керектигин белгилешкен.
АКШнын аракеттерин карап изилдеп чыккандан кийинки комиссия иштин жыйынтыгын чыгарып, сунуштарды штаттардын өкмөтүнө жана башкы аскердик жетекчиге бериши керектиги айтылды.
АКШнын аскерлери Афганистанда 20 жыл тургандан кийин 2021-жылдын августунун соңунда толугу менен чыгып кетти. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.
Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм