Жапаров Брюсселге барып, ЕБ жетекчилиги менен жолугушууну көздөөдө

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа биримдигинин (ЕБ) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала баштаган делегацияны кабыл алуу учурунда
Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Европа биримдигинин (ЕБ) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала баштаган делегацияны кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Брюсселге иш сапары менен барып, Европа биримдигинин жетекчилиги менен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоону көздөөдө.
Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Европа биримдигинин (ЕБ) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү өнөктөшү болгон Европа биримдиги менен көп жааттуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди.
“ЕБ байкоочуларын өлкөдөгү алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакырабыз. Европалык өнөктөштөр менен, анын ичинде ЕБдин Борбор Азиядагы жаңы стратегиясынын алкагында да активдүү диалогго даярбыз”, — деди Жапаров.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш. Архив
БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровдун эки демилгесин колдоду
Терхи Хакала Кыргызстан менен ЕБдин эки жана көп тараптуу кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин айтып, кызматташтык уланаарын кошумчалады. Ал Европа тарап дагы үстүбүздөгү жылда Садыр Жапаровдун ЕБге келишин күтүп жатканын айтты.
Региондогу күн тартибине токтолгон Терхи Хакала Кыргызстандын Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесин колдой турганын билдирди.
Тараптар 5-ноябрда Бишкекте пландалган Борбордук Азия — Европа биримдигинин I экономикалык форумун Борбор Азия мамлекеттери жана ЕБ жетекчиликтери, бизнес жана каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашты.