"Алтын адам" келди. Казакстан маданиятынын мыкты үлгүлөрү Бишкекте. Сүрөт

Көргөзмө 8-14-октябрга чейин уланат. Анда көчмөндөрдүн маданий салтын жана ар тараптуу аспектилерин чагылдырган уникалдуу археологиялык экспонаттар коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Борбордук мамлекеттик музейинин жана Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин коллекциясынан археологиялык экспонаттар менен көркөм сүрөт искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Анда улуу талаа цивилизациясынын жаратуучулары — көчмөндөрдүн маданий салтын жана ар тараптуу аспектилерин чагылдырган уникалдуу археологиялык экспонаттар коюлган.
1 / 5
Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Борбордук мамлекеттик музейинин жана Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин коллекциясынан археологиялык экспонаттар менен көркөм сүрөт искусствосунун көргөзмөсү ачылды
2 / 5
Анда улуу талаа цивилизациясынын жаратуучулары — көчмөндөрдүн маданий салтын жана ар тараптуу аспектилерин чагылдырган уникалдуу археологиялык экспонаттар коюлган
3 / 5
Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө өлкөнүн символикасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган Казакстандын тарыхындагы эң атактуу археологиялык ачылыш "Алтын адам" тартууланган
4 / 5
Аны менен катар эле Кастеев атындагы Мамлекеттик искусство музейинин коллекциясына кирген Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живописинин жана скульптуралык чыгармаларынын ачык мисалдары сунушталганы айтылды
5 / 5
Ачылыш салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев, Мажилис депутаты Жанарбек Садыканулы, Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин жана Алматы шаарындагы Борбордук мамлекеттик музейинин жетекчилиги, жалпы коомчулук катышкан
Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө өлкөнүн символикасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган Казакстандын тарыхындагы эң атактуу археологиялык ачылыш "Алтын адам" тартууланган.
Аны менен катар эле Кастеев атындагы Мамлекеттик искусство музейинин коллекциясына кирген Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живописинин жана скульптуралык чыгармаларынын ачык мисалдары сунушталганы айтылды.
Роза Рымбаева баштаган делегация келет. Казакстандын маданият күндөрү өтөт
Иш-чаранын жүрүшүн "Туран" казак фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти коштогон. Көргөзмө 8-14-октябрга чейин уланмакчы.
Ачылыш салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев, Мажилис депутаты Жанарбек Садыканулы, Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин жана Алматы шаарындагы Борбордук мамлекеттик музейинин жетекчилиги, жалпы коомчулук катышкан.