Коронавирус 104 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду

Башка аймактарга салыштырмалуу ордо калаада илдет илештиргендердин саны кайрадан өсүп жатканы байкалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 104 кишиден коронавирус табылып, 84 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Илдет илештиргендердин жалпы саны 179 036га жетти. Анын ичинен 173 796 бейтап айыкты.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде оору эки адамдын өмүрүн алган. Муну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 614кө жетти.
Стационарда 451, ал эми амбулатордук түрдө 690 адам дарыланып жатат.