БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшкөн айып пулдун каражаты кандай бөлүштүрүлө турганын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Жүздү тааныган камералар. "Коопсуз шаардын" ишке ашышы тууралуу" аттуу брифингге катышты.
Кененбаеванын айтымында, айып пулдарды бөлүштүрүү схемасы атайын токтомдо аныкталган. Каражат алгач Финансы министрлигинин эсебинде топтолуп, андан кийин тиешелүү тартипте бөлүштүрүлөт.
"Вега" компаниясы ар бир эреже бузуудан 215-216 сомдон алат. Ошондой эле 2,6 миллион сом "Коопсуз шаар" системасын техникалык жактан колдоо үчүн жумшалат. Анда Мониторинг борборунун операторлору маалыматтарды иштеп чыгышат. Калган каражат кандай бөлүштүрүлө турганы 56-токтомдо каралган", — деди Кененбаева.
Чыгымдалчу жактар:
Кененбаева белгилегендей, каражат бирдей бөлүштүрүлөт, ал эми үнөмдөлгөн акча мамлекеттин башка муктаждыктарына жумшалат. Маселен, пандемия учурунда айып пулдан түшкөн каражатка Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу тез жардам унааларын сатып алышкан.