Пресс-борбор

Жарыктын өчүрүлүшү "Коопсуз шаардын" ишине таасир этеби?

Министрдин орун басары жолдордогу жарык стратегиялык пункт катары кабыл алынып, жарык өчүрүлбөй турганына үмүт артарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева жарыктын өчүшү "Коопсуз шаардын" камераларына таасир этер-этпеси боюнча маалымат берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги "Жүздү тааныган камералар. "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу" аттуу брифингге катышты.
Министрдин орун басары 4-октябрда Улуттук энергохолдингдин өкүлдөрү тышкы жарыктандыруу өчүрүлбөйт деп айтканын эске салды.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева
"Ушул себептен биздин камералар иштей берет деген үмүттөбүз. Камералар инфракызыл жарыктандыруу модулдары менен жабдылгандыктан түнкүсүн дагы эреже бузууларды каттай алат. Бирок ишке жол белгилеринин сапаты жана башка факторлор дагы таасир этет", — деди Кененбаева.
Министрдин орун басары жолдордогу жарык стратегиялык пункт катары кабыл алынып, жарык өчүрүлбөй турганына үмүт артарын кошумчалады.