Дарыгер кышта оорубаш үчүн адам канча эт жеши керектигин айтты

Дарыгердин айтымында, кышкысын организм өзүн жылытуу үчүн көп энергия сарптайт. Ошондой эле күндүн нуру жетишсиз болот, вирустар менен бактерияларга каршы туруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Суукта дени-карды соо адамдын рационунун 40 пайызы эттен турушу керек. Мунун ичине балык менен жумуртканы дагы кошсо болорун Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Дарыгердин айтымында, кышкысын организм өзүн жылытуу үчүн көп энергия сарптайт. Ошондой эле күндүн нуру жетишсиз болот, вирустар менен бактерияларга каршы туруу керек.
"Күч-кубаттын баары тамактан алынат. Демек, жей турган азык-түлүк күчтүү жана сапаттуу болушу керек. Рациондо май, белок, витаминдер, минералдар жана клетчатка болгону жакшы. Кубаттын көбүн эттен алабыз. Аны балык жана жумуртка дагы алмаштыра алат", — деди Тяжельников.
Балык демекчи, буга чейин диетологдор күздүн күнү балыктын кайсы түрүндө адамга пайдалуу витаминдер көбүрөөк болорун айтып беришкен. Маалыматка караганда, азыр сельдь, скумбрия жана сардина балыктары өтө пайдалуу.