Көз кургап, тери бузулуп... Организмге А витамини жетишпесе эмне болот

Дарыгер көздүн көрүүсүнөн дал А витамининин жетишсиздигинен улам ажыраганын көпчүлүк биле бербейт дейт. Буга кошумча, иммунитет төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Адамдын организмине А витамини жетишпесе кандай белгилер болорун "Известия" агенттигине дарыгер-эндокринолог, диетолог Оксана Михалева айтып берди.
Адис А витамини өсүү жана репродукция процессинде, эпителий менен сөөк ткандарынын дифференциясында, иммунитетти бекемдөөдө жана көздүн көрүүсүн сактоодо маанилүү роль ойногон универсалдуу витамин экенин белгиледи.
"Бул витамин азайды дегенде эле көздүн көрүүсү начарлап, кургайт, анан көздүн тунук чели жабыркап, акыры көрүү төмөндөйт. Көпчүлүк көздүн көрүүсүнөн дал А витамининин жетишсиздигинен улам ажыраганын биле бербейт", — деди эндокринолог.
Ошондой эле организминде А витамини жетишпеген адамдар респиратордук жана инфекциялык ооруларга жакын болорун айткан.
Ооруга кептейт. Диетолог 45 жаштан кийин баш тарта турчу азыктарды атады
"Бул витаминдин аздыгынан тери кургап, бузулуп, бат карыйт. Анткени бул органикалык кошулма терини ным кылып турат, коргоп, жаңылантып турат. Адан сырткары, эркектин жыныс клеткасынын иштелип чыгышына, аялдарда кош бойлуу кезде түйүлдүктүн жакшы өрчүшүнө таасир этет", — дейт диетолог.
Дарыгер кошумчалагандай, А витамини антиоксиданттык касиетке да ээ. Организмди сезгенүүдөн коргойт, рак, атеросклероз ооруларын жана карылыкты алдын алат.