БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кортеждин коштоосунда жүргөнүн сынга алды.
"Президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов коштоочусу жок эле жүрөт. Эмнеге министрлер кабинетинин төрагасы мурдагы премьер-министр сыяктуу эле кортеждин коштоосунда жүрөт? Ал азыр президенттин жөнөкөй эле жардамчысы да", — деди Бекешев.
Буга президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов учурда иштеп жаткан мыйзамда ушундай норма каралганын билдирип, эгер министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынса, бул маселе каралышы мүмкүн экенин айтты.