БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 80 кишиден коронавирус табылып, 90 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 178 932ге жетти. Анын ичинен 173 712 киши дартты жеңген.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус эки адамдын өмүрүн алган. Пандемия башталгандан тарта жалпысынан 2 612 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Стационарда 446, ал эми амбулатордук шартта 676 адам дарыланып жатканы айтылды.