Диетолог организмди токсиндерден тазалай турчу азыктарды атады

Адистин айтымында, ачытылган жашылчаларда пробиотиктер көп болуп, алар сасык тумоо сыяктуу вирустук оорулардан коргоого жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ачытылган бадыраң, капуста организмди шлак, токсиндерден тазалап, аны бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтканына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Адис белгилегендей, негизи эле ачытылган азыктарда пробиотиктер көп болот. Алар сасык тумоо сыяктуу вирустук оорулардан коргоп, тамак сиңирүүнү жакшыртууга жардам берет.
"Ачытылган жашылчалар организмден токсиндерди тазалоого да жардам берет. Жашылчадагы булалар адамды ток кармап жүрөт", — деген диетолог.
Медик ачытылган азыктар туздуу келерин айтып, аларды көп жебеш керектигин эскерткен. Адис мындай азыктардан күнүнө 120 грамм жесе жетиштүү экенин белгилеген.