БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ош шаарынын 3021 жылдыгына карата түштүк калаада парад уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
"5-октябрь Ош шаарынын негизделген күнүнө карата борбордук аянтта мамлекеттик кызматкерлер параддан өтүштү. Тактап айтканда, салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык Кайгуул милициясынын, Ош шаардык прокуратурасынын, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын, Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлери катышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Калаа жетекчиси Алмаз Мамбетов эл алдына чыгып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Параддан сырткары борбордук аянтта коноктор үчүн концерттик программа тартууланды.
Ош — мамлекеттик деңгээлдеги шаар, калкынын саны (280 миңдин тегереги) боюнча экинчи орунда турат. Аны Кыргызстандын "Түштүк борбору" деп дагы аташат. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин, 1876-жылы, шаар деген расмий макам алган.